Баткен облусунун айрым аймактарында жер титирөө катталды
Поделиться в:
Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 8-апрелде болжол менен саат 02:26да катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен районунун Рават айылында 3 баллга, Ак-Татыр, Үч-Дөбө айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunun-ajrym-ajmaktarynda-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×