Баткен облусунда милиция кызматкерлери, психологдор иштеп жатышат

5 мая 2021 14:46 2152 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенге, Лейлекке милициянын көчмө кабылдамалары кошумча тартылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматына таянып  "Барометр" билдирет.

Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара тилкелеринде чыккан ок атышуулардан улам жергиликтүү тургундар 29-30-апрель күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан коопсуз жерлерге эвакуацияланып көпчүлүк турак-үйлөр бош калган. Азыркы күндө жергиликтүү тургундар өз аймактарына келип жашап жаткандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери алардын коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, арыз-кайрылууларын кабыл алышууда.

Бүгүнкү күндө ИИМдин буйругу менен Ош, Жалал-Абад областарындагы милициянын көчмө кабылдамалары кошумча жардамга келишип, жергиликтүү элге жардам берүүдө.

Милициянын көчмө кабылдамасында милиция кызматкерлери менен биргеликте, дарыгер, психологтор иш алып барышууда.

Азыркы күндө Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара аймактарында абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.


Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunda-miliciya-kyzmatkerleri-psihologdor-ishtep-zhatyshat



Добавить комментарий