Баткен облусундагы жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен
Поделиться в:
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Баткен облусунда жер титирөө катталгандыгы тууралуу билдирүү таратты.
КРнын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 22-январда болжол менен саат 17:12де Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен районунун Кара-Булак, Газ айылдарында 3 баллга, Бужум айылында 2,5 баллга жана Баткен шаарында 2 баллга чейин сезилгени байкалган.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/batken-oblusunda-kch-3-ballga-ketken-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×