Батасыз алдыга жылбай турган иштер
Убакыт учкан зымырык куш деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан аны туура пайдаланып, алдыга максат коюп умтулуу керек.
Бир ишти баштоодо ата-эненин бизге берген батасы өтө чоң ролду ойнойт. Анткени бизге туура багыт берип, алдыга сүрөп, жөлөк-таяк болгон дал ошолор. Алардан артык жакын адам болбойт.
Эгерде ата-энебиз биздин ишибизге кийлигишип жаткан болсо, анда биз муну туура кабыл алуу менен кароо керек. Себеби, алар өзүнүн кызыкчылыгын бизден да бийик коёт.
1.Кесип тандоодо
Кесип тандаганда ата-энелерибиздин бизге берген батасы өтө зор. Анткени кесипти туура тандоо бул сиздин клечектеги наныңыз. Ошон үчүн чоңдордун бизге берген кеңеши ашыкча болбос.
2.Жар тандоодо
Ата-энелер өз баласына ким менен тил табышып, турмуш куруп кете алышын жакшы билет. Биз сезим менен иш кылсак, алар акыл менен иш алып барат. Анткени турмушта сезимдик сапат гана жетиштүү болбойт. Жар тандоодо сөзсүз ата-энебиз менен кеңешип, алардын ак батасын алууга умтулалы.
3.Дос тандоодо
Адамдын тандаган досуна карап, аны аныктоого болот. Мындай учурда да ата-энелерибиз бизге жардамга келет. Себеби, алар бул жашка чейин достор кандай болот экендиги боюнча башынан далай сыноолорду өткөргөн.
4.Жаңы иш баштоодо
Айрыкча ата-энелерибиз карыган сайын таарынчак болуп калат эмесби. Ошондой учурда эгерде сиз кандайдыр бир жумуш баштоону чечсеңиз, дароо алардын акыл кеңешин угуңуз. Анткени алар балам мени менен кеңешип иш алып барат деп өздөрүн жакшы сезип калат.
Ссылка: https://barometr.kg/batasyz-aldyga-zhylbaj-turgan-ishter
Добавить комментарий ×