Бассейиндеги сүлгүлөрдү заң менен булгап кетип жаткан адам изделүүдө
Россиядагы Кемерово шаарында белгисиз адам жергиликтүү бассейнге келген адамдардын сүлгүлөрүн адамдын фекалиясы менен кирдетүүдө. Учурда мындай “маньякты” издөө колго алдынды. Бул тууралуу topnews.ru кабарлады.
Мындай шумдуктуу окуя аталган бассейинге келген адамдардын бир нечесинде кайталанган.
“Мен сүлгүнү илгичке илип кеткем. Келсем аябай жаман болуп калыптыр. Бир нече киши ушундай абалга кабылганын уктум”,-деп айтты аталган басссейнге келген кардар.
Бассейидин администрациясы байкоо камералары болгонуна карабай бул адамды тапкан жок жана укук коргоо органдарына кайрылууну көздөп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/bassejindegi-slglrd-za-menen-bulgap-ketip-zhatkan-adam-izdeld
Добавить комментарий ×