Башкы прокурор: Текебаевдин иши кайра каралат

17 апрель 2019 11:22 932 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 17-апрелде парламентте башкы прокурор Откурбек Жамшитовдун отчету угулуп жаткан маалда депутат Бахадыр Сулайманов “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жөнүндө сурады.

“Текебаевди Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде соттошкон, өткөн жылы анын өзүн алдамчылыкка шектүү деп кармашты. Маевский жөн гана алдамчы экени баарына белгилүү болду. Эмне үчүн анда ушул кезге чейин Текебаевдин иши кайра ачылган жагдайларга байланыштуу каралган жок?”,-деп сурады депутат.

Башкы прокурор Текебаевдин иши Жогорку соттун кароосунда тургандыгын айтты.

“КРнын жаңы Кылмыш процессуалдык кодексине ылайык, кайра ачылган жагдайлар боюнча соттолгон адамдар өздөрү сотко кайрыла алышат. Көзөмөл органынын сотко кайрылуусу талап кылынбайт. Анан калса Башкы прокуратура мыйзам алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр”,-деп ишендирди башкы прокурор.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-tekebaevdin-ishi-kajra-karalat



Добавить комментарий