Башкы прокурор: Тарых музейи жана Атмайданы боюнча 6 чиновник айыпталууда

16 апреля 2019 13:38 2188 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы Тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы Атмайданды реконструкциялоо жүрүшүндө мамлекетке 247 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Башкы прокурордун айтымында, Тарых музейин оӊдоодо 101,6 млн сом, Атмайданды оӊдоодо 145,9 млн сом зыян келтирилгени аныкталды. «Ушу тапта бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге Кылмыш кодексинин 303-беренеси менен айып тагылды. Алар - Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атабеков, Айдарбек Мендеев.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурорду MegaCom компаниясынын акциялары боюнча Белизден келди делген документтер боюнча кылмыш иши козголбогон күндө да да, мамлекеттик жашыруун сыр болбогондон кийин, «Белизгейт» жосуну боюнча документтерди ачыкка чыгарууга чакырды.

Башкы прокурордун айтымында, MegaCom компаниясынын акциялары боюнча материалдарга буга чейин Башкы прокуратура тарабынан укуктук баа берилген, бирок документтерге «жашыруун» белгиси коюлуп калган, ал азырынча алынып салына элек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде башкы прокурордун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчету угулуп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-taryh-muzeji-zhana-atmajdany-boyuncha-6-chinovnik-ajyptaluuda



Добавить комментарий