Башкы прокурор Дача-Судагы кырсык тууралуу ишке жакын арада чекит коюларын айтты
Дача-Суга кулаган "Боинг 474" учагы тууралуу кылмыш иштер уланып жатат. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
"Буга чейин коомчулукта ар кандай маалыматтар айтылып келген. Бул учактагы жүк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына таандык деген маалыматтар таркап келген. Бул иш боюнча мен депутаттык комиссиянын ичинде бар болчумун. Бирок, депутаттардын тергөө иштерине аралашууга укугу жок. Ошондуктан, азыр бул иш тууралуу ишти улантып, жакын арада чекит коюлат деген ойдомун", - деди Зулушев.
Эскерте кетсек, "Боинг 474" учагы Банкон-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп келе жаткан учак 16-январда 2017-жылы Дача-Суга кулаган. Бир канча адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча азыркыга чейин тергөө иштери жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×