Башкы прокурор 2019-жылы кайсы мамлекеттик органдарда көп мыйзам бузуу болгонун айтып берди
Башкы прокурордун маалыматы боюнча мамлекеттик органдардын ичинен көпчүлүк мыйзам бузуу өз алдынча башкаруу тутумунда, жол жана транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтеринде, экотехинспекциясында, курулуш агенттигинде жана алардын түзүмдөрүндө орун алган. Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Башкы прокурордун 2019-жылдагы ишинин отчету карады.
Маалыматка ылайык, мындан сырткары экстремизм менен терроризмдин алдын-алуу жаатында 25 доо арызы келтирилип, айрым диний уюмдардын 395 интернет сайтына тосмо тыюулары коюлган. Мындан сырткары тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын ишинин мыйзамдуулугун кароо багытында 1005 пландалган жана күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп, 5000ден ашуу негизсиз чечим прокуратура органдары тарабынан жокко чыгарылган.
Добавить комментарий ×