Башкы прокуратура: Социалдык өнүгүү министрлигин жетектеген айымдар чет өлкөлөргө мыйзамсыз барган

8 октября 2018 13:30 1141 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жетекчилигинин чет өлкөгө болгон иш сапарлары боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык министр Таалайкүл Исакунова 2017-жылдын 6-9-ноябрында АКШ болгон иш сапарында өкмөт башчысынан уруксатысыз барып, дипломаттык паспортту колдонгон. Андан ары ал Аргентинага барып, 13-15-ноябрда эл аралык конференцияга катышкан. Таалайкүл Исакунова премьер-министрдин тоскоолдугуна карабай, 2017-жылдын 16-17-ноябрында Санкт-Петербург шаарындагы иш-чарага катышкан.

Ошондой эле Башкы прокуратура жакында жаңжал менен иштен бошотулган социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Иран жана Түштүк Кореяга сапары учурунда дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун кабарлады. Муну менен катар 2017-2018-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү 26 жолу чет өлкөгө иш сапарга чыгышкан.

Таалайкүл Исакунова Великобританияга, Кытайга, эки жолу Орусияга, Аргентинага, АКШга, Швейцарияга, Сауд Арабия жана Литва өлкөсүнө барган.

Лунара Мамытова — АКШ, Германия, Италия, министрдин дагы бир орун басары Жылдыз Полотова Литва, Венгрия жана Таиландда болгон. Зууракан Каденова болсо, Кореяга он жолу, Россияга үч, Казакстанга эки, андан тышкары, Польша, Германия, Бельгия жана Италияга барган.

Башкы прокуратуранын маалыматында, аткаминерлер өздөрүнүн чет өлкөгө сапары боюнча Тышкы иштер министрлигине билдирүү жана жыйынтыгы боюнча отчет жөнөтүшкөн эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-socialdyk-ng-ministrligin-zhetektegen-ajymdar-chet-lklrg-myjzamsyz-bargan



Добавить комментарий