Башкы прокуратура шайлоо алдында Ош шаарына жапырт каттоого туруу фактысын көзөмөлгө алды
Башкы прокуратура шаардык кеңешке шайлоо алдында Ош калаасына жапырт каттоого туруу боюнча ЖМКларда тараган маалыматтарды тыкыр иликтейт.
“7-февралда Ош шаарындагы жогорку окуу жайынын студенттерин мугалимдер менен декандар паспортторун талап кылып, ошол аймакка каттоого турууга мажбурлап жатканы боюнча маалыматтар тараган. Ошол эле учурда, сунушту кабыл алган студенттерге окууда жардам берүү жана башка материалдык жардамдар бериле турганы айтылган”, — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты 8-февралда Ош шаардык милиция башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 39-беренеси “Добуш сатып алуу” боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган.
Андан сырткары Ош шаардык прокуратурасы тарабынан элге паспорт берүү жана каттоо боюнча бөлүм башчыга мындай иштерге жол бербөө үчүн эскертүү берилген.
Башкы прокуратура жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун мыйзамдуулугун камсыз кылуу үчүн аракеттерди көрүп жатат.
Добавить комментарий ×