Башкы прокуратура мамлекеттик тилге арналган иш-чара өткөрдү

20 сентября 2018 17:00 1426 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн Кыргыз республикасынын Башкы прокуратурасы мамлекеттик тилге арналган иш-чара өткөрдү. Аталган мекеменин башкы прокурорунун орун басары Жамиля Жаманбаева куттуктоо сөзү менен иш-чараны ачты. Бул тууралуу жогоруда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жамиля Жаманбаева өз сөзүндө өнүккөн жана күчтүү Кыргызстанды курууда, мамлекеттик тил биримдикке жана жаратмандыкка чакырган ролду ойноосу тийиш экенин белгиледи. Мамлекеттик тил улуу дүйнөлүк мурастарынын маданиятынын тили болуп – «Манас» эпосу, Алыкул Осмоновдун жана  Чынгыз Айтматовдун тили, Кыргызстандын элинин биримдигине, өнүгүшүнө жана гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.

Мындан сырткары, куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев жана Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев чыгып, прокуратура органдарынын кызматкерлерине «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» ардак грамоталарын жана төш белгилерлерин тапшырышты.

Өз кезегинде, Кыргыз республикасынын Башкы прокурорунун атынан А.Акматалиевге жана Н.Ишекеевге ыраазычылык каттары  берилди.

Салтанаттуу иш-чара манасчынын, салттуу жана заманбап музыканын аткаруучуларынын концертик программасы  менен коштолуп, соңунда ата мекендик авторлордун китептери Кыргыз республикасынын Башкы прокуратурасынын китепканасына  тапшыруу менен аяктады.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-mamlekettik-tilge-arnalgan-ish-chara-tkrd



Добавить комментарий