Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаев боюнча чечим берди

25 июня 2019 11:45 2196 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин кайрылуусунун негизинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмү даяр болду.Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, убактылуу депутаттык комиссия баардык палатанын кароосуна алып чыгыш үчүн Башкы прокуратуранын бүтүмүн кароону күн тартибине кошууну суранууда.

“Бүтүм Алмазбек Атамбаев боюнча атайын комиссияда турат”,-деп белгиледи ал.

Талант Мамытов өзү атайын комиссиянын төрагасынын орун басары болуп саналат.

 Эскерте кетсек, депутаттар убактылуу комиссия түзүп, Атамбаевди бир канча мыйзамсыз иштерге айыптап бул чечимди Башкы прокуратурга өткөрүшкөн. Андан соң Башкы прокуратура бул чечимге өз бүтүмүн бермек.  

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-almazbek-atambaev-boyuncha-chechim-berdi



Добавить комментарий