Башкы машыктыруучу: Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызын ийгиликтер күтөт

7 августа 2021 14:26 1431 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын күрөш боюнча аялдар командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Парижде өткөрүлө турган кийинки Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызын ийгиликтер күтүп турат деп ишенет.

“Мээрим менен Айпери болгону 22 жашта, Токиого алар Олимпиада оюндарына жолдомо алып, алгач ирет барышты. Алар өздөрүн жакшы жагынан көрсөтүштү. Алар толук күчкө келише элек. Биз иштеп жана даярданабыз. Олимпиадада алар ийгиликке жетишет деп ишенебиз”,-деп айтты Изабеков.

Эскерте кетсек,Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында коло медаль утуп алды, Айпери Медет кызы салмактык категория боюнча 5-орунга ээ болду.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-mashyktyruuchu-meerim-zhumanazarova-menen-ajperi-medet-kyzy-ijgilikter-ktt



Добавить комментарий