Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын консулу мигранттардын укуктарын коргоосун суранды

28 октября 2019 16:27 1207 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Свердлов облусунун Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар министри Василий Козлов менен жолугушуусу болуп ѳттү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптар келээрки IX кыргыз-россиялык аймактар аралык конференциясынын алдында Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусун күчѳтүү боюнча, Россияда жүргѳн КРнын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле, аймактар аралык биргелешкен иш-аракеттердин ар түрдүү багыттарын талкуулоо болду.

Башкы консул Бийбосунов кыргыз тарапка ар тараптуу колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, 2020-жылы Кыргызстандагы Россиянын, Россиядагы  Кыргызстандын "кайчылаш" жылында ѳткѳрүлчү иш-чаралар тууралуу, ошондой эле  аймактар аралык конференцияга даярдык кѳрүүгѳ байланыштуу пландары жѳнүндѳ маалымдады.

Козлов Башкы консул Бийбосуновду кызматка дайындалышы менен куттуктап, Башкы консулдуктун консулдук аймакта эмгектенип жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын  укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, аймактар аралык кызматташуунун соода-экономикалык багытын ѳрчүтүү зарыл экендигин баса белгилеп, келээрки иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ орус тараптан колдоо кѳрсѳтүлѳѳрүн жана биргелешип иштеп чыгуу мүмкүн экендигин тастыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-konsul-bijbosunov-rm-menen-vvkozlovdun-zholugushuusu-boldun-sverdlov-oblusunun



Добавить комментарий