Чет өлкөлөрдө окуу жылы башталып, мектептер оорунун очогуна айланууда

25 августа 2020 16:18 3312 Barometr
Поделиться в:
ok

Башка өлкөлөрдүн мектептеринде катталып жаткан оорунун очоктору тууралуу малымат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Германияда мектептер вирустун таркалышынын очогуна айланууда. Көптөгөн окуучулар эки жума мурда мектепке бара баштаган, ошондон тарта Берлиндеги 825 мектептин ичинен 41 мектепте ооруну жуктуруп алуу учурлары катталган. Мында бардык жаштагы балдар, башталгыч мектептен бүтүрүүчү класстарга чейин ооруган. Жүздөгөн окуучу менен мугалимдер карантинге жөнөтүлдү.

Мектептердин ачылышы ооруну жуктуруунун жаңы очоктору болгонун АКШнын бир катар штаттарынын бийликтери жана Израилдин билим берүү министрлиги кабарлаган.

Ал эми Францияда мектептер бир жумадан кийин ачылат, ал жакта 11 жаштан улуу балдар билим берүү мекемесинде милдеттүү түрдө беткап тагынууга тийиш.

Ссылка: https://barometr.kg/bashka-lklrdn-mektepterinde-baldarga-kandaj-saktanuunu-sunushtap-zhatyshat



Добавить комментарий