Баш аламандыктар тууралуу аудио тараткан жаран табылды

21 августа 2019 11:19 797 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

19-августан баштап социалдык тармакта массалык баш аламандык тууралуу аудио тараткан аял табылды.

УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-августта тараткан маалымат боюнча, Ю.П. аттуу жаран (аял киши) ушул жылдын 25-августунан 13-сентябрына чейин массалык баш аламандык боло турганы тууралуу билдирүү тараткан.

«Ал ар кандай ушактарга ишенип, аудио кайрылуу жаздырып, өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү социалдык тармактарга тарап кеткени аныкталды. Ал профилактикалык маектин жүрүшүндө өзүнүн жасаган иш-аракетине өкүнүп, туура эмес иш кылганын мойнуна алыды. Ошондой эле өлкө жарандарынан кечирим сурады», - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bash-alamandyktar-tuuraluu-audio-taratkan-zharan-tabyldy



Добавить комментарий