“Барселона” менен “Манчестер Юнайтед” командасын оюну 1:0 эсебинде аяктады
Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “Манчестер Юнайтед” клубу “Барселона” командасы менен оюн өткөрдү. “Олд Траффорд” калаасында болгон беттеште 1:0 эсебинде “Барселона” командасы жеңип алды.
Оюндун 12-мүнөтүндө Мессинин көтөрүп берген тобун Луис Суарес башы менен сүзүп гол киргизди. Бирок, Луис Суарестин сүзгөн тобу кызылдардын коргоочусу Люк Шоуга тийгендиктен авто гол деп эсептелинди.
2-таймда кооптуу чабуулдар болгону менен гол жаралган жок.
Эки команданын жооптук беттеши 17-апрелде саат 1:00дө “Камп Ноу” калаасында өтөт.
Эскерте кетсек, чейрек финалынын алгачкы оюдарында “Тотенхэм” клубу “Манчестер Сити” командасын 1:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми, “Ливерпуль” “Порту” клубун 2:0 эсебинде артта калтырган.
Ссылка: https://barometr.kg/barselona-menen-manchester-yunajted-komandasyn-oyunu-10-esebide-ayaktady
Добавить комментарий ×