Барак Обаманын баскетболго кийген майкасы аукциондо $192 миң сатылды

7 декабря 2020 14:48 917 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын жогорку классата окуп жүргөндө баскетболго кийген майкасы реккордук баага сатылды. Бул тууралуу CNN сайты жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, АКШнын 44-президенти Барак Обаманын мектепте окуп жүргөндө кийген баскетбол формасы Julien's Auctions онлайн-аукционунда рекорддук баасы 192 000 доллар болгон.

23 номердеги форма Обамага Гонолулудагы Пунахоу жеке мектебинде окуп жүргөндө таандык болгон.

Буга чейинки рекордук баага америкалык баскетболчу Леброн Джеймстин мектепте окуп жүргөдө кийген  формасы 187 500 долларга сатылган.

Баскетбол оюнчусу Майкл Джордандын формасы дагы аукциондо 320 миң долларга сатылган.

Эскерте кетсек, Обама 2009-жылдын 20-январынан 2017-жылдын 20-январына чейин АКШнын президенти кызматын аркалаган.

Ссылка: https://barometr.kg/barak-obamanyn-basketbolgo-kijgen-majkasy-aukciondo-192-mi-satyldy



Добавить комментарий