Барак Обама Санта Клауска айланып алып ооруканадагы балдар менен кар бүртүкчөлөрүн жасады

21 декабря 2018 12:31 1770 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

АКШнын кырк төртүнчү президенти Барак Обама бүгүн Санта Клаустун кийимин кийип Вашингтондогу балдар оорууканаларынын бирин кыдырып, балдарга белек берип майрам менен куттуктады. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазып чыкты.

Ойноочу бөлмөлөрдүн биринде Обама 4 жаштагы балдар менен кар бүртүкчөлөрүн жасады. Андан кийин пазлдарды, Hot Wheels машина жыйнактарын кыздарга болсо жылтырак тырмак боекторун жана таттууларды белек кылды.

Буга кошумча "Обама Клаус" атайын бөлмөлөрдө да балдар жана алардын ата-энелери менен жолукту.

Эске салсак Барак Обама буга чейин да "Обама Клауска" айланып алып Boys & Girls Club балдар клубундагы окуучуларды жаңы жыл майрамы менен куттуктоого барган.


Ссылка: https://barometr.kg/barak-obama-santa-klauska-ajlanyp-alyp-oorukanadagy-baldar-menen-kar-brtkchlrn-zhasady



Добавить комментарий