ИИМ: Банкоматтар жана сактык кассаларынан акча каражаттарын урдоо көбөйдү
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы өлкөбүздөгү финансы-кредиттик мекемелерине каракчылык фактылары көп кездешип жатканын белгилейт.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын декабрь айынан 2019-жылдын декабрь айына чейинки аралыкта республика аймагында кассалардан жана банкоматтардан акча каражаттарын тоноого байланышкан бир нече кылмыштар катталган, анын жыйынтыгында миллиондогон акча каражаттарына зыян келтирген.
Анда Талас, Жети-Өгүз, Араван жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Ош жана Нарын шаарларынын аймактарында жайгашкан финансы-кредиттик мекемелердин банкоматтарынан жана сактык кассаларынан акча каражаттарын урдоо фактылары катталган.
Жогоруда аталган бардык мекеме-чарбаларда болгон каракчылыктар жана урдоолор ИИМдин Күзөт кызматынын эмес, жеке күзөт мекемелеринин кайтаруусунда болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bankomattar-zhana-sakttyk-kassalarynan-akcha-karazhattary-urdoo-faktylary-bolgon
Добавить комментарий ×