Балыкчы – Корумду жолунда иштер кандай болуп жатат

5 февраля 2020 13:15 402 Barometr
Поделиться в:
ok

Балыкчы – Корумду жолунда иштеген жарандарыбыз 8 айдан бери эмгек акыларын алышпаптыр, аларга кандай жооп болот? Жол курган кытайдын «Лонг Хай» компаниясынын банк эсеби камакка алынгандыктан, салык жана социалдык камсыздандыруу боюнча карыздары дагы көбөйүп кетиптир. Депутаттар тобу бүгүн алар менен жолукканы турат. Аларга эмнелерди айта аласыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

Депутат Данияр Аттокуров премьер-министрге Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар министрине жана вице-премьер-министрликке сунушталган талапкерлер каралып жатканда ушундай собол салды. Премьер-министр Балыкчы – Корумду жолунун курулушуна мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнүп жатканын билдирди. 

«Азыр финполиция «Лонг Хай» компаниясынын карыздары боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул компания бюджеттен алган каражатты башка багытта жумшагандыктан, ушундай кырдаал түзүлүп жатыптыр. Ал каражатты алары менен өзү билгендей жумшайт экен. Ошондон улам, каражаттын жумшалышына көзөмөлдү күчөтүү жаатында чечим кабыл алынды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Транспорт жана жол министрлигинин берген маалыматына караганда, кытайдын «Лонг Хай» компаниясы менен 6 млрд 802 млн сомго келишим түзүлгөн. Компания жумушчуларга 6 млн 700 миң сом карыз. Ал эми жумушчулар 300 адам маянасын ала албай жатканын, көп жумушчулар жумуштан баш тартууга аргасыз болуп жатканын айтышат.

Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-korumdu-zholunda-ishter-kandaj-bolup-zhatat



Добавить комментарий