Балык уулоого кетип, изделип аткан адамдын сөөгу табылды

13 апреля 2021 16:39 12440 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун Маяк айлынан үч күндөн бери балык уулоого кетип, изделип аткан адамдын сөөгу табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылынын 1956-жылы туулган  тургуну эркек киши 10-апрель күнү көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 суучул, 2 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 4 адам жана №87366 аскер бөлүгүнөн 10 суучул тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/balyk-uuloogo-ketip-izdelip-atkan-adamdyn-sgu-tabyldy



Добавить комментарий