Балдардын тамактануусуна көңүл бурбаган өлкө прогрессивдүү өнүгө албайт
Кыргызстандагы жалпыга билим берүү мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары ушу тапта ысык тамак менен камсыз боло баштады. Мындай алгылыктуу иштер бир нече жылдан бери эл аралык уюмдар тарабынан ишке ашырылып келе жатат. Тамактануу боюнча жарандык альянстын лидери Гүлмира Кожобергенова ушул тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу төмөнкүдөй суроолорго жооп берди.
- Кыргызстандагы мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларынын ысык тамак менен камсыз болуп келе жатканына жети жыл толду. Сиз мындай ишти көз карандысыз эксперт катары кандай баалайсыз?
-Азыркы кезде биздин балдардын организмине белоктор, углеводдор керек болсо калориялар да жетишсиз болуп жатат. Мисалы, 7 жаштан 13 жашка чейинки балдардын күнүмдүк белокту алуусу талап кылынгандан 19 граммга аз. Ошондуктан мен эл аралык уюмдардын мектеп окуучуларына ысык тамак берүү боюнча жасап жаткан иштерин жогору баалайм. Бул мыкты демилге бир нече багыттар боюнча пайдасын берет. Биринчиден, окуу убагы сутканын алты саатын алып, энергияны көп талап кылган процесс. Ысык тамаксыз жакшы окумак түгүл жөн эле окуй албайсың. Бардык жагынан баланс сакталган ысык тамак бойдун өсүшүнө, өнүгүүгө жардам берип организмге пайдалуу, сиңимдүү, теңсалмактагы азык заттарды камтыйт. Окуучу жок дегенде күнүгө бир маал ушундай тамак ичип турат.
Экинчиден, мектептеги ысык тамакты социалдык жактан коргоо катары кабылдаса болот, себеби аялуу катмардагы калктын тамак-ашка болгон чыгымын азайтат. Бул абдан маанилүү, анткени Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы элдин жакырлыгы 22,4 пайызды түзөт. Ал эми жаңы төрөлгөндөн тарта жети жашка чейинки балдардын 32 пайызы жакыр үй-бүлөлөрдө жашашат. Демек, мындай үй-бүлөдөгү баланын жок дегенде күнүгө бир маал баланстуу, витаминдүү ысык тамак ичүүгө мүмкүндүгү бар.
Үчүнчүдөн, окуучуларга ысык тамак берүү мектептин жер участокторуна жашылча-жемиштерди өстүрүп аны пайдаланууга жол ачып, окуучуларда айыл чарба өсүмдүктөрүн кантип багуу керектиги боюнча заманбап технологиялык көндүмдөр менен жөндөмдөрдү калыптандырат. Дагы бир маанилүү жагдай, окуучуларда туура тамактануу менен жеке гигиенаны сактоо адаты да калыптанат. Келечекте мындай адат семирүүнүн азайышына, эмгекке жарамдуулукту жоготпоого, жүрөк кан-тамыр ооруларынын аз болушуна жана жашоонун сапаты жогору болуусуна алып келет.
-Өсүп келе жаткан жаш муундарды туура тамактандыруу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу үчүн канчалык маанилүү?
-Мектептерде ысык тамак уюштуруу – абдан маанилүү иш. Ал Кыргызстандын 2019-2023-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик программасына да киргизилген. Ушундай кадамы менен биздин өлкө мектептерде ысык тамак берүүнү приоритеттүү иш катары кабыл алып, анын натыйжасында үй-бүлөнүн, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу сакталып жана тамактануунун бузулуусун азайта турган иш катары эсептейт.
-Туура тамактандырууга көндүрүү, дегеле сергек, дени сак жашоо адатын балдарда калыптандыруу - алардын ден соолугу чың болоруна кепилдик бере алабы?
-Албетте, мектептерде ысык тамак берүү балдардын азыркы ден соолугуна гана эмес, келечектеги ден соолугуна да чоң таасир тийгизет. Эгер мектепте окуу убагында балага тамак берүү мүмкүндүгү болбосо, ал ачка жүрөт, буфетке барат же мектеп жанындагы дүкөнчөдөн таттууларды, газдалган суусундуктарды, ун азыктарынан алып жейт. Булар бат тойгузганы менен, канда канттын жогору болуусуна алып келет. Өсүп жаткан бала узак убакыт бою ушуларды колдонсо семирүү пайда болуп, кант диабетине дагы башка дарттарга чалдыгууга алып келүүсү ыктымал.
Өнүгүү боюнча агенттиктер мектеп окуучуларына ысык тамак берүү программасынын алкагында кыргыз өкмөтүнө жардам берип, баланстуу ысык тамактарды берүү киргизилип жатат. Бул кандай натыйжа берет? Мындай биргелешкен аракет ден соолугу чың баланын чоңоюшу үчүн белоктордун, майлардын жана углеводдордун, витаминдер менен минералдык заттардын теңсалмакта болушуна алып келет. Ысык тамакты киргизүү иштери мугалимдер менен окуучулардын арасында рационалдуу тамактануу адатын калыптандыруучу агартуучулук иштер менен коштолот. Тамактануу адатын өзгөртүү менен семирүүнүн, кант диабетинин, гипертониялык оорулардын, жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга болот.
-Эксперт катары айтсаңыз, азыркы учурда Кыргызстанда канча бала туура, витаминдүү тамактанып келе жатат? Эгер туура тамактангандар аз болсо, алардын катары көбөйүшү үчүн дагы кандай аракеттерди жасаш керек?
Мендеги маалымат боюнча, эл аралык уюмдардын көмөгү аркасында бүгүн Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердин 50 пайызында башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берилип жатат. Алар мындан башка дагы тамак берүүчү жайлар менен инфраструктураларды калыбына келтирүү, оңдоо иштерин туура уюштуруу, ашканаларды заманбап жабдуулар менен жабдып, мындан тышкары тамактардын түрүн (меню) иштеп чыгууга, жер-жерлердеги ысык тамакты киргизүү программасы менен иштешип жаткан кадрларды окутууга жардам берүүдө.
Азыр жасалган иштерден тышкары 2019-2022-жылдар аралыгында дагы 500дөй мектепти сапаттуу ысык тамак берүүгө өткөрүү, тагыраак айтканда ар бир мектепти заманбап ашкана жабдуулары менен толук камсыз кылуу жоопкерчилигин эл аралык уюмдар өз мойнуна алышты. 2022-жылы оптималдуу ысык тамак берүү менен 1500 мектеп же жалпы мектептердин 66 пайызы камсыз болот.
-Туура, витаминдүү тамактануу боюнча жаныбыздагы кошуналардын мектеп окуучулары эмнеси менен айырмаланышат?
-Казакстандын мектептериндеги ашканаларда, буфеттерде газдалган суусундуктарды, тез татым жолу менен жасалган тамактарды жана башка зыян келтире турган тамак-аштарды сатууга тыюу салынган. Бул өлкө да ысык тамак берүүнү мектептерине киргизген, Нур-Султан шаарындагы 1-4-класстардын бардык окуучулары бекер ысык тамак менен камсыз болгон. 5-11-класстардагы айрым категориядагы окуучулар да бекер ысык тамак иче алышат. Бардык мектептерде тамак берүү ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт.
Тажикстанда мектептерде ысык тамак берүү 1999-жылдан тарта ишке ашып келе жатат. Мектептерде ысык тамак берүү программасына ылайык, азыр Тажикстандын бардык айылдарындагы мектептердин окуучуларынын 60 пайызы күнүгө ысык тамак менен камсыз болгон.
Россияда болсо мектеп тамагы региондорго жараша айырмаланып турат. Мисалы, Красноярскиде мобилдик тиркемелер аркылуу тамак-аштын курамын билүүгө болот, Казанда мектептердин тамак-ашынын кандай экенин баалап, ага өзгөртүү киргизсе болот. Ошол эле учурда бардык региондордо эртең мененки, түшкү тамактар бекер же болбосо аялуу катмардагы, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн, майыптыгы бар окуучулардын чыгымдарынын ордун толтуруп беришет.
Биздин кошуна мамлекеттердин бардыгы мектептерге ысык тамак берүүнү киргизип, жакшы натыйжаларга жетишип жатышат. Балдардын тамактануусунун бузулушунун алдын албаган, ага көңүл бурбаган өлкө прогрессивдүү өлкө боло албайт. Тамактануу да приоритеттүү болушу керек, бирок анын натыйжасы жол куруу же электрстанция куруу сыяктуу дароо көрүнбөйт, мындай иш адамдык капиталга салым кошуу болуп эсептелет. Аны пайдасы келечекте көрүнөт. Биздин кошуналар муну жакшы түшүнүп жатышат.
– Жаш балдардын толук витаминдүү, организм талап кылган бардык азык-түлүктөр менен камсыз болушун кандай укуктук документтер камсыз кылып турат?
- Башкы документ 2002-жылдын 27-июнунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мектептериндеги окуучуларга ысык тамак берүүнү уюштуруу жөнүндөгү” мыйзамы.
Гүлнара Сатымкулова, Бакай-Ата районундагы Дооронбек Дүйшөбаев атындагы орто мектептин директору:
- Биздин мектептин башталгыч класстарында окуган (1-4-класстар) 125 бала ысык тамак ичет. 2014-жылга чейин 7 сомго сүттөгөн чай булочка менен берилчү. Бирок булочкаларды башка жактан алып келгендиктен, кээде алар бензин жыттанып калчу, анан калса балдар да такай булочка жегиси келчү эмес. 2014-жылы Кыргызстанда иштеп жаткан эл аралык уюм долбоордун алкагында биздин мектепке 195 миң сомдук тамак жасай турган жабдууларды алып берсе, айыл өкмөтү мектепке ысык суу чыгарып берди. Окуучуларга адегенде жумасына эки жолудан каша бере баштадык, бара-бара суюк тамак аралаштырдык. Ошентип ысык тамак берүүгө өттүк.
Мектептин жанында саздак жер бар эле, ошону мектепке тиешелүү участок кылып алдык. Ал жерге алма, кара өрүк, помидор, ашкабак, бадыраң, буурчактын түрлөрүн отургуздук. Буурчактан суюк тамак кылып бере баштасак балдарга да, ата-энелерге да аябай жакты. Анын калориясы жакшы да. Ошол эле мектептин аянтына картошка, сабиз өстүрүп, түшүмүн алып жатабыз. Ошентип биздин окуучулар суюк тамактардын түрлөрүн, палоо, балык кошулган тамактарды, ашкабактан жасалган тамактардын түрүн жей башташты. Түрдүүлөп алма, сабиз кошулган салаттар да үзүлбөйт. Буга бюджеттен, айыл өкмөтүнөн жана ата-энелерден алынган каражаттар (бардыгы бир балага 10 сомдон) шарт түзүп жатат.
Даамдуу ысык тамак берип жаткандыктан, башталгыч класстардын окуучулары бир дагы сабакты калтырышпайт. Эртең менен окуган балдар үйлөрүнөн эчтеке ичпей эле чыгышат, себеби таң эрте жүрөккө тамак баспайт эмеспи. Анан мектептен экинчи сабактан кийин ысык тамак ичишет.
Мектепке тиешелүү участок боюнча билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын 43-беренесинде да практикалык иш катары каралган. Себеби биология сабагында практикалык иш менен теорияны айкалыштыруу бар. Ортоңку класстардын окуучулары биология мугалими менен бирге эле ушул аянтты каралашып, жашылча-жемишти түрлөп айдап, түшүмүнөн башталгыч класстардын окуучуларына ушинтип калориялуу, баланстуу ысык тамак берип келе жатабыз.
Ссылка: https://barometr.kg/baldardyn-tamaktanuusuna-kl-burbagan-lk-progressivd-ng-albajt
Добавить комментарий ×