Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн өлүмү президенттин жеке көзөмөлүндө
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова кечээ, 21-июнда, Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирди.
"Жолугушууда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөөлөрүн укту.
Жыпариса Рысбекова Богдан Якунинди учурда окуянын бардык жагдайлары комиссиялык кароодон өтүп жатат деп ишендирди.
Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен аракетсиздигинен улам бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын белгиледи.
Жыпариса Рысбекова Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Богдан Якунин президентке видео-кайрылуу жасап, бир тууган иниси Игорь Якуниндин балдар үйүндө каза болушу жөнүндөгү ишти көзөмөлгө алууну суранган.
Ссылка: https://barometr.kg/baldar-jnd-kaza-bolgon-sprmdn-lm-prezidenttin-zheke-kzmlnd
Добавить комментарий ×