Балдар үйүндө каза болгон Игорь Якуниндин бир тууганы Жапаровко кайрылды (Видео)

21 июня 2021 09:29 2385 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Военно-Антоновкадагы балдар үйүнөн каза болгон тарбиялануучу Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан президент Садыр Жапаровдон бул маселени жеке көзөмөлүнө алуусун суранат. Бул тууралуу Богдан Якуниндин You Tubе каналына жүктөгөн видеосуна шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Анын айтымында, маркумдун сөөгү начар изилденген, ошондуктан ал толук экспертиза жүргүзүүнү суранат.

“Мен кандай экспертизалар дайындалганын таба албай жатам. Бул маселе боюнча мен балдарды коргоо бөлүмүнө кайрылдым, бирок, тилекке каршы алар мага жардам берүүдөн баш тартып коюшту. Урматуу президент Садыр Жапаров менин сизден башка кайрыла турган адамым жок. Экспертиза маселеси боюнча мага жардам берүүңүздү суранам” , - деди Богдан Якунин.

Эскерте кетсек, Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Балдар укугун коргоочулардын башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, алдын ала версия боюнча, бала токмоктолуп каза болгон.  Бирок, бул факт жашырылган. Акыйкатчы мекеменин директорун жумуштан алууну талап кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/baldar-jnd-kaza-bolgon-igorya-yakunindin-bir-tuugany-zhaparovko-kajryldy-video



Добавить комментарий