Балбан Жоламандын Олимпиадага болгон даярдыгы. Бука менен кармашкан видеосу

17 мая 2021 16:48 8224 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков машыгууда жүрүп бука менен таймашка чыкты. Спортчу видеосун соцтармактагы баракчасына жүктөгөн. Бул тууралуу балбандын соцтармактагы берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Видеодо көрсөтүлгөндөй, балбанды достору кадимки беттешке чыга тургандай булчуңдарын укалап, даярдашкан. Ал жаныбар менен бетме-бет келип, башка ургулаган. Ал арада бука Жоламанды качырып кирген. Балбан бул ыкманы ылдамдык жагынан машыгуу деп атаган. Жоламан бул аракеттер кооптуу экенин айтып, аны туурабоо керектигин баса белгилеп айткан.

Жоламан Шаршенбеков - Кыргызстан курама командасынын мүчөсү катары Токио Олимпиадасына баруучу балбан.

Эскерте кетсек, ал март айында Алматыда өткөн лицензиялык Азия мелдешинде 60 килограмм салмактагылар арасында чемпион болуп, жолдомо утуп алган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/balban-zholamandyn-olimpiadaga-bolgon-dayardygy-buka-menen-karmashkan-videosu



Добавить комментарий