Видео. Балбан Жоламан Шаршенбеков Месси, Роналду да жасай элек керемет гол киргизди
Бөлүшүү:
Кыргыздын атактуу балбаны Жоламан Шаршенбеков керемет гол киргизди. Анда 11 метр аралыктан топту тээп, топ дарбазанын торуна тие электе Жоламан абада чимирилип кайра бутуна туруп калат. Дүйнө Биринчилигинин күмүш медалынын ээси, Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков муну видеого тартып өзүнүн инстаграм баракчасына койгон. Буга кызыгып көргөндөрдүн саны 46 миңге чукулдады.
Жоламан мындай керемет голун грек-рим күрөшүнөн Кыргызстан курама команда менен Россиянын Сочи шаарындагы атайын машыгууда жүрүп жасаган.
Ссылка: https://barometr.kg/balban-zholaman-sharshenbekov-messi-ronaldu-da-zhasaj-elek-keremet-gol-kirgizdi
Добавить комментарий ×