Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында күмүш байге алды - видео

20 февраль 2020 12:30 745 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Балбан Жоламан Шаршенбеков Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге алды.

Ал финалдык кармашта япониялык балбан Кеничиро Фумитого 0:4 эсебинде утулуп калган.


Андан сырткары кыргызстандык дагы бир балбан Руслан Царев (72 кг.) коло байге тагынса, Бексултан Махмудов (97 кг.) бешинчи болгон.

Мелдештин биринчи күнү Азат Салидинов (87 кг.) Ренат Илияс уулу (77 кг.) жана Роман Ким (130 кг.) коло байге тагынышкан.

Бүгүн, 20-февралда, кыз-келиндердин беттеши башталат. Кыргызстандын намысын Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы коргойт.

Ссылка: https://barometr.kg/balban-zholaman-sharshenbekov-aziya-chempionatynda-kmsh-bajge-aldy-video



Добавить комментарий