Балбан кыз Калмира өспүрүмдөрдүн дүйнө чемпионатында күмүш байге утту
Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. 53 кило салмакта күч сынашкан Билимбек кызы финалда кытайлык Чжаоцзин Шиге жеңилип калды.
Чжаоцзин Ши 2019-жылдагы өспүрүмдөр арасында өткөн дүйнө биринчилигинин чемпиону болду. Ал эми Билимбек кызы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесине татыды.
Кыргыздын балбаны кызы Калмира кечээ жарым финалда казакстандык Алтын Шагаеваны утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда Кальмира Беларустун кызы Алеся Хетманаваны, жарым чейрек финалда даниялык Мария Хильдегаард Вильумсенди, 1/16 финалда Азербайжандык Эльнура Маммадованы жеңген болчу.
Бул салмакта Беларустук Алеся Хетманава жана япониялык Сейра Немото коло байге тагынышты.
Өспүрүмдөр арасында кыздар күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Болгария борбору София шаарында өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/balban-kyz-kalmira-sprmdrdn-djn-chempionatynda-kmsh-bajge-uttu
Добавить комментарий ×