Балбак Түлөбаев: Октябрь районунун акимин туура эмес дайындап алганым үчүн кечирим сурайм

24 ноября 2020 12:47 2949 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Октябрь районунун акимин “туура эмес дайындап алыптырмын” деп элден кечирим сурады. Бул тууралуу Түлөбаев соцтармактагы барачкасына жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Достор!

Октябрь районунун акими Куценко үчүн кечирим сурайм. 

Текшербей кызматка алганым үчүн. 

Ниетибиз түз, ойубузда жамандык жок эле. Бирок, ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. 

Мындан ары абайлап, сак болобуз”, - деп жазды ал.

Эскерте кетсек, кече, 23-ноябрда Финпол тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими  Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалганы кабарланган.

Константин Куценко Октябрь районунун акими кызматына 2-ноябрда дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-oktyabr-rajonunun-akimin-tuura-emes-dajyndap-alganym-chn-kechirim-surajm



Добавить комментарий