Балбак Түлөбаев: “Ойгон кыргыз! Сак бол! Президентибизди колдойлу”
“Президентибизди колдоп, Centerra компаниясына жедирбейли”, - деп Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"Ойгон кыргыз! Сак бол! Centerra компаниясына жедирбейли президентибизди. Ач күсөндөргө. Ушуга чейин бирөө да кылган эмес, Кумтөр жок дегенде эле 5 млрд долларга жакын акчаны бизге төлөш керек. Бутка туруп кетебиз.
Эми сак болуп, ар кайсы маалыматка ишенип алдырып ийбейли, акыл менен алып алалы. Азыр булар кара пиарды баштайт. Президентибизди колдоп, тигилерге жедирбейли. Армияны да, экономиканы да, жашоону да оңдоп алабыз. Бекем туралы", - деп бир тараптуу пост жазган Түлөбаев.
Эске салсак, закон боюнча мындай чакырыктар козутуу болуп эсептелет. Конституция боюнча мындай бир тараптуу каралоого жол берилбейт.
Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-ojgon-kyrgyz-sak-bol-prezidentibizdi-koldojlu
Добавить комментарий ×