Балбак Түлөбаев: "Мэрдин кайталап кыргыз тилинен сынак тапшыруусуна негиз жок"

2 октября 2018 11:00 1552 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кыргыз тилинен кайрадан экзамен тапшырбайт. Бул тууралуу 1-октябрда мэриянын аппарат жетекчиси Балбек Түлөбаев кабарлады. Анын айтымында, мэрдин кайталап экзамен тапшыруусунун негизи жок. 

"Шаар башчысы буга чейин эле кыргыз тилинен экзамен тапшырган. Борбордук шайлоо комиссиясы жөн гана сунуш берип жатат. Ошондуктан кайрадан тапшыруусуна эч кандай негиз жок" -деди Түлөбаев.

Буга чейин журналист Канышай Мамыркулова өкмөттүн токтомуна таянып, Азиз Суракматов менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тил билүү деңгээлине нааразычылык билдирип БШКга арыз менен кайрылган. БШК арызды карап чыгып, эки мэрге "Кыргызтесттен" өтүүнү сунуштаган. 

Суракматов азыркы учурдагы кызматына талапкер болуп чыгуунун алдында экзамен тапшырып, өз программасын кыргыз тилинде жазып берген. Бирок ал программасын жазууда каталарды кетиргенине карабай комиссия "Мамлекеттик тилди билет" деп баа берген.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-merdin-kajtalap-kyrgyz-tilinen-synak-tapshyruusuna-negiz-zhok



Добавить комментарий