Балбак Түлөбаев: Айдоочулар тез арада жумушка чыкпасаңар башка маршруттук таксилерди киргизебиз
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаадагы коомдук транспорттордун айдоочулары тез арада жумушка чыгуусу зарыл экенин айтып, эгерде алар өз “линияларына” чыкпаса ордуна башка айдоочуларды киргизе турганын айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Жети жылдан бери маршруттук таксилердин айдоочулары менен ушул маселенин артында талашып-тартышып келе жатабыз. Силердин көйгөйүңөрдү жакшы билебиз, жети жылдан бери тарифти көтөргөн эмеспиз. Ошондуктан силер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Бизге кээ бир линиянын маршруттук таксилери чыкпай жатат деген маалыматтар келип жатат. Силердин абалыңарды түшүнгөндөй силер дагы элдин абалын түшүнгүлө. Өлкөдө пандемия, элдик толкундоо болду. Силер айткандай жол кирени азыр эле көтөрүп бере албайбыз. Анын өзүнүн эрежеси бар. Биз бул маселени Экономика министрлигине киргизип, анан алар карап чыгып шаардык кеңешке жөнөтөт. Шаардык кеңеште апрель айында жаңы шайлоо болот. Ошону менен май айына чейин бул маселенеи чечкенге аракет кылабыз, болгон чындык ушул.
Эгер жумушка чыкпасаңар мен башка маршруттук таксилерди чыгарганга аргасыз болом. Себеби мен элди ташышым керек. Эртең дагы башка сөздөр чыкпасын. Азыр түшкө чейин анализ кылабыз, чыкпаган маршруттук тасилердин ордуна башкалар иштеп баштайт. Ошондуктан жумушка чыккыла", - деди Түлөбеав.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-январда көпчүлүк маршруттук таксилердин жок болуп жатканын айтып, сааттап коомдук транспорт күтүп, жумушунан кечигип жатканына нааразы болгон шаар тургундары “Барометрдин” редакциясына да кайрылышкан.
Белгилей кетчү жагдай, көпчүлүк маршруттук таксилерди айдоочулар ижарага алып иштетишет. Күнүнө алар ижара акысына эле оңбогондой акча төлөп беришет. Айдоочулардын көйгөйү болгон ижара акысын арзандатып берсе балким, мындай нааразычылыктар болбойт беле деген оюн айтат айдоочулар.
Добавить комментарий ×