Балаңызды мектепке киргизе албай жатасызбы? Сизге укук коргоочу жардам берет

12 августа 2019 19:30 2487 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда "Менин баламды мектепке кабыл алыңыз" аттуу акция башталды. Бул акциянын "Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" уюштурууда. Коомдук фонддун укуктук кеңеши, Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министрлиги менен чогуу жүргүзөөрүн белгиледи.

Эшерде, баланызды мектепке кабыл алууда кыйынчылыктарга дуушар болгон болсоңуз, сиздин документтерди кабыл алууда баланы мектепке даярдыгын текшерүү, белгилүү үлгүдөгү мектеп формасын сатып алууну, фондго акча төлөөнү талап кылышса, жашаган жериңиз менен катталган жериңиз боюнча маселе пайда болсо, анда төмөндөгү номерлерге байланышып, жардам сурасаңыздар болот:

0709 84-57-75;

0556 40-90-82; 0552 39-84-74;

0312 66-25-87.

"Бизге кайрылган ар бир бала мектепке кабыл алынмайынча көзөмөлдөйбүз. Эгер аз камсыздалган үй-бүлөнүн баласы мектепке бара албай жатканын билсеңиз кайдыгер карабаңыз, бизге кабар бериңиз"-дешет фонддун өкүлдөрү.

Ссылка: https://barometr.kg/balayzdy-mektepke-kirgize-albaj-zhatasyzby-sizge-ukuk-korgoochu-zhardam-beret



Добавить комментарий

  • Гулмира 6 лет назад
    Аябай жакшы болуп тур .убагында чалсам албай каласынар.ушундай болгон мектеп боюнча чалгыла деп номер берип, чалсам албай койгон.
  • Ассалоому алейкум , менин эки кызым бар эки жылдан бери мектепке киргизе албай журобуз жардам бериниздерчи, Бишкек шаары АК ордо 2 конушунда турабыз