Баланын коркок болушунун негизги себептери

1 марта 2022 10:12 7426 Barometr
Поделиться в:
ok

Баланын коркок болушу жашына байланыштуубу? Же сиз ага жетиштүү көңүл бөлө албай жаткандыктанбы? Коркоктук канчалык зыян? Бул тууралу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет. 

Коркоктуктун зыяндары

Достору аз болот

Өзү каалаган нерсени сурап жей албайт

Өз оюн так айта албайт

Өзүнүн белгилүү бир пикири болбойт, бирөөнүн оюна кошула берет

Коркоктуктун негизги себептери

1.Ата-эненин баланы өтө катуу тарбия берип кармоосу. Бул учурда бала өз оюн так айтып, даана билдире албай калат.

2.Баланы сыртка алып чыгып, көпчүлүккө көп аралаштырбоо. Мындай учурда бала сырттагы адамдар менен баарлашууда жалтанчаак болуп калат.

3.Апасын же атасын жоготуу. Бала кичинесинен атасы же апасынан айрылса, анда кусага батып чоңоюп, тартынчаак болуп калат.

4.Үй-бүлөдөгү уруш-талаштар. Үй-бүлөдө ата-энелер бири-бири менен пикири келбей, улам чыккан уруштар балага терс таасирин тийгизет. Башкача айтканда баладагы коркоктук, өзүнө ишенбөөчүлүк сезимди пайда кылат.

Коркоктук сезимден кандай арылтса болот?

1.Балаңызга оор милдетти жүктөбөңүз. Эгерде  ал ката кетирип, иш жасап жатса, аны ар дайым туура эмес деп жемелей берген болбойт. Анткени бала катачылык жасоо менен үйрөнөт. Анын туура эмес жасагандыгын ар дайым эскерте берсеңиз, бала ал жумушту жасоодо коркок болуп, мен туура эмес жасап жатам деп жалтак болуп калат.

2.Балаңызды көпчүлүк менен баарлашууга кошуңуз. Ал үчүн сыртка байма-бай чыгарыңыз.

3.Бизде эркектер көбүнчө баласын баатыр кылам деп, балдарын көп ишке жашынан эрте жумшап алат. Бул туура эмес. Адистер баланын ыгына, жашына жараша жумшоо керектигин эскертет.

Ссылка: https://barometr.kg/balanyn-korkok-bolushunun-negizgi-sebepteri



Добавить комментарий