Баланын чыгармачылыгын ачуунун сырлары

3 марта 2022 10:55 2390 Barometr
Поделиться в:
ok

Психологдордун айтымында чыгармачылык жөндөмдүүлүк ар бир эле балада болот. Аны таап, өнүктүрүү жолдорун издешибиз керек. Балаңыз белгилүү ырчы же музыкант болбосо дагы, анын өзүнүн жактырып жасаган сөзсүз бир хоббиси болмокчу. Кичинекей баланы оюнчуктардын, түрдүү оюндардын, жада калса өз алдыбызча мультфильм тартып, анын жөндөмдүүлүгүн артnыра алабыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

1.Балаңызга ар дайым эркиндик бериңиз.

Мисалга, балаңыз күтүлбөгөн жерден калемсап менен үстөлдүн бетине же дубалга чийип алды дейли. Бул учурда сиз алгач таң калыңыз, анан балаңызды урушпасатан анын жасаган ишин кубаттаңыз. Себеби, балаңыздын чыгармачылык жөндөмдүүлүгү өнүгүүдө. Буга утурлай, атайын бир бурчка балаңыз үчүн үстөлдүн үстүнө пластилин, боёктордун жана калемсаптардын топтомун коюп коюңуз.

2.Бала менен иштөөдө бир гана кеңсе буюмдарына чектелбеңиз!

Баланын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттырууда түрдүү жолдорду колдонсо болот. Мисалга, кургак жалбырактарды, кебез жиптердин түрмөгүн. Кышкы учурда кар менен, жайкы учурда кумду колдонуп түрдүү сүрөттөрдү тартып жасалгалаңыз. Ошондой эле, түрдүү түстөгү кагаздарды кыркып, мөмө-жемиштердин топтомун жана геометриялык фигураларды үйрөтүңүз.

3.Түрдүү оюндардын жардамы менен

Балдар абдан тапкыч келет. Анын тапкыч жөндөмдүүлүгүнө карап оюндарды уланта бериңиз. Мисалга, түрдүү жан-жаныбарлардын ролунда, жашынмак, шахмат, шашки ж.б.

4.Жаратылыш койнуна көп чыгып, ар кандай көрсөтмөлөргө алып барыңыз

Баланын визуалдык жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн жаратылыш койнуна көп чыгуу керек. Себеби, балдар көп нерсени көрүү менен алардын аң-сезими кеңейет. Түрдүү пайдалуу мультфилмдерди коюп бериңиз. Чогуу көркөм китептерди биргеликте окуңуз жана музейлерге чыгыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/balanyn-chygarmachylygyn-achuunun-syrlary



Добавить комментарий