Мыкты балдарды тарбиялоонун жолдору
Адатта, жаш жубайлар алгач балалуу болгондо, «балама эң жакшы нерсени беришим керек» деген ой менен туура эмес нерселерди бергенин байкабай калат. Мисалы, ооруп калбасын деп ѳтѳ ысык бѳлмѳдѳ кармоо, бѳлмѳнү желдетпѳѳ, адистер менен кеңешпей ар кандай ымыркайлар, балдар үчүн кошумча азыктарды берүү. Өтѳ жакшы кѳргѳндүктѳн баарына уруксаат берүү, чектѳѳ койбоо жана башка ушул сыяктуу нерселер. Андан кандай тарбиялоо туура болот деп жатсаңыз керек.
Barometr.kg сайты сизге адистердин кеңештерин сунуштайт:
Балаңызды сүйүңүз
Балдарыңызга жакшы кѳргѳнүңүздү дайыма кучактап, сылап, ѳѳп, жылмаю тартуулоо менен кѳрсѳтүңүз. Кичинекей ымыркай кезинде да балдар сиздин сүйүүңүздү сезет. Сиз канчалык балаңызга сүйүү тартууласаңыз ,ал ишенимдүү болуп чоңоет. Ата-эненин сүйүүсү, туура мамилеси, балдардын инсандыгын калыптандырат. Эгерде ар дайым урушуп , «эч нерсе колуңдан келбейт» деген сѳздѳрдү кѳп колдонсоңуз, ѳзүнѳ ишенбеген, коркок, туруксуз, инсанды калыптандырасыз. Ишеним тартуулоо үчүн дагы эмне кылуу керек?
Балдарга убакыт бѳлүңүз
Балдарыңыз менен сүйлѳшүп, китеп окуп, бирге убакыт ѳткѳрүңүз. Туура тандалган оюнчуктар тарбияга салым кошот. Эгерде балаңызга таанып билүүчү,бир нерсеге үйрѳтүүчү оюнчуктарды алып чогуу ойносоңуз тарбиялоодогу курал болуп калат.
Балаңыз менен сүйлѳшүңүз
Балаңыз менен дайыма сүйлѳшүү керек. Анын оюн угуу ,эмоционалдык абалын түшүнүү маанилүү. Ата-эне менен болгон ишенмдүү сүйлѳшүү мамилеси балдар үчүн ѳтѳ маанилүү. Бул аркылуу ал дүйнѳнү таанып билет, башка адамдар менен мамиле түзүүнү үйрѳнѳт.Ошондой эле ѳзүн таанып билет.
Мактап, шыктандырыңыз
Балдар ар дайым ѳзүлѳрүн инсан катары кабыл алып, баалап турганын сезишип турушу керек. Балдарда ѳзүлѳрүнѳ болгон ишеним качан пайда болот? Качан алар кичинекей иш кылса дагы шыктандырып, мактап, кайсыны жакшы кылганын айтып,эмне үчүн мактаганын түшүндүрүп турганда.
Сѳзсүз чектѳѳлѳрдү коюңуз
Балага жѳнѳкѳй тил менен эмнелерди жасаганга болот, эмнелерге тыюу салынарын түшүндүрүп берүү маанилүү. Бул нерселерди дайыма карманыңыз. Өзүн-ѳзү алып жүрүү эрежелерин тактап, сактоону үйрѳтүңүз.
Туура чечим чыгарганга жардам бериңиз
Ата-эне дайыма баласын угуп,эмоционалдык жактан колдоо кѳрсѳтүп, туура чечим чыгарууга багыт бериши керек.
Айлана-чѳйрѳнү таанып билишине салым кошуңуз
Жашоосунун алгачкы күндѳрүндѳ ымыркай айлана –чѳйрѳнүү таанып билүүсү активдүү болот. Мындай учурда ата-энелер балага буюмдардын аталыштарын айтып, алардын кайсы учурда эмнеге колоднору тууралуу тааныштыруу керек. Алар менен кѳбүрѳѳк сүйлѳшкүлѳ.
Коопсуз шарттарды түзүңүз
Айлана –чѳйрѳнү таанып билүү учурунда бала аябай актидүү кыймыл аракетте болот.Ошондуктан үй шартында балага коопсуз шарт түзүү маанилүү. Мисалы бала капысынан кулабагандай, бир жерип күйүп кетпегидей, чѳгүп кетпегендей шарт болуу ыңгайлуу.
Эгер балаңыз чатак салса...
Эгер балаңыз чатак салып, эркелеп, кыйкырып ыйласа, ата-эне тынчтыкты сактоосу зарыл. Эң жакшы ыкма баланы башка нерсе менен алаксытып ,кѳңүлүн башкага буруу. Бул баланы тынчтандырат. Чоңоюп калганда түшүндүрүү жолу менен тарбиялаган туура.
Ссылка: https://barometr.kg/balany-tarbiyaloo-zholu
Добавить комментарий ×