Балага караганда жаныбарды жактырган модель элден кечирим сурады

12 июня 2019 18:31 1387 Barometr
Поделиться в:
ok

"Инстаграм" тармагындагы 2 миллион катталуучусунан катуу сөздөрдү уккан индонезиялык сулуу эми ойлонуп сүйлөй турган болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
24 жаштагы Анжела Панари "Инстаграмдагы" каталуучуларына учактагы сапарында баланын ыйлаганына араң чыдаганын, андан коро жанына жаныбарды коюп койсо жакшы болмоктугун айтып арызданган.

"Салонго баладан көрө жаныбарларды киргизип койсо жакшы болмок»,- деген Анжела Панари.
Бирок, бул кыз ката кетиргенин дароо сезип, ачууланган видеону өчүргөн

Ага карабастан колдонуучулар Анжелага катаал пикирлерин калтырганга аны кечирим суратканга жетишти. "Ачуум менен айтып алгандарым үчүн кечирим сурайм. Мындан кийин кайталанбайт жана мен үчүн сабак болду»,-деген Анжела Панари.

Ссылка: https://barometr.kg/balaga-karaganda-zhanybardy-zhaktyrgan-model-elden-kechirim-surady



Добавить комментарий