Бала бакчанын тарбиячысы кесиптешине өчөшүп 23 баланы ууландырды

3 апреля 2019 13:07 19072 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайдагы бала бакчалардын биринин тарбиячысы 23 баланы ууландырып салган. Бул тууралуу Life.ru. кабарлады. 

Жаман окуя Кытайдын Хэнань провинциясында болгон. Эртең мененки тамакка берилген кашаны жегенден кийин балдардын ден соолугу кескин начарлаган, айырымдары эсин жоготуп кулап түшкөн.

Массалык ууланууга химиялык нитрит заты себеп болгону такталды. Ошондой эле бул кадамга тарбиячылардын бири барганы белгилүү болду.

Өзүнүн кесиптеши менен уруша кетип андан өч алмакчы болгон кызматкер атайлап ууну тамакка сээп салган. Тарбиячы кармалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakchanyn-tarbiyachysy-kesipteshine-chshp-23-balany-uulandyrdy



Добавить комментарий