Алмазбек Баатырбеков: Бала бакчалар иштей баштаса баардык санитардык нормалар так аткарылсын
Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабга шилтеме бери “Барометр” билдирет.
Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бала бакчалардын ишин кайра улантуу жана санитардык нормаларды сактоо боюнча иштелип чыккан колдонмону республика боюнча баардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына толук жеткирүү керектигин айтты.
«Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу. Жергиликтүү бийлик органдары бала бакчаларга бул талапты сактоо менен иштешине жардам бериши керек », - деди Алмазбек Баатырбеков.
Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактардын эпидемилогиялык абалы талкууланды. Анткени кээ бир райондордо ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурларынын саны төмөндөбөй жатканы айтылды.
Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын сакталышын көзөмөлгө алууну жана үймө-үй кыдырып, ооруп жаткандарды аныктоо иш-чараларын күчөтүү керектигин белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakchalar-ishtej-bashtasa-baardyk-sanitardyk-normalar-tak-atkarylaby
Добавить комментарий ×