Бала бакчада 2 жаштагы баланы сабаган жетекчи аял инсульт алды

7 мая 2019 14:11 12240 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Алмата шаарында 2 жаштагы баланы сабаган аялга өкүм чыкты. Бул тууралуу Астана телеканалы кабарлады.

Аялдын баланы сабап жаткан учуру видеокамерага тартылып калган. Ал адегенде баланы жакка чаап, андан соң тапочка менен койгулаган.

Ушундан соң аны тарбиячылыктан жана жетекчиликтен бошотушкан.

Кечээ, Алмата шаарында сот болуп 35 жаштагы Гульжан Акимбаевага өкүм чыкты. Жактоочунун айтымында аялдын өзүнүн дагы эки кичинекей баласы бар. Бала бакчадан баланы сабаган күнү ал оор үй-бүлөлүк абалда болгон. Атасы ошол күнү инсульт алган, өзү катуу депрессия болуп бул окуядан кийин Акимбаева да инсульт алды.

Аял кылган ишине катуу өкүнгөндүктөн ага 151 миң теңге айып пул салышты.Мындан тышкары 100 мин теңгени баланы ата-энесине төлөп берет. Жабырлануучу баланын апасынын айтымында бул акча психологго керектелет.

Ссылка: https://barometr.kg/bala-bakchada-2-zhashtagy-balany-sabagan-zhetekchi-ayal-insult-aldy



Добавить комментарий