Бакыт Шаршембиевди кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизилди

21 мая 2019 18:14 4231 Barometr
Поделиться в:
ok

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-sharshembievdi-kyzmattan-boshotuu-zhnnd-sunushtama-kirgizildi



Добавить комментарий