Бакыт оошот, ырыс жугушат. Энергетикалык “донор” экеңизди кантип билсе болот?

11 декабря 2019 09:40 6825 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Биоэнергетиктер адамдарды “энергетикалык вампирлер” жана “донорлор” деп бөлүп коюшат.Энергетикалык жактан алганда донор адам өзүнүн энергиясын башкаларга бөлүшө билген адам.

Айрым изилдөөчүлөр психолог Зигмунд Фрейд өзүнүн кардарларын психоанализ менен эмес, энергиясы менен дарылаган деп да эсептешет.

Энергетикалык вампир сизди алы шайыңызды алып коеру белгилүү, бирок шарттуу атаганда донор адамдардын дагы өздөрүнүн өзгөчөлүктөрү болот экен. barometr.kg энергетикалык жактан донор адамдардын өзгөчө мүнөздөрүн, белгилерин төмөндө тизмектеп көрдү.

Биринчи белги - сизге бирөөгө тамак берип сыйлаган жагат. Адамдар болобу, үй айбанаттары болобу тамактандыргыңыз эле келип турат. Үйгө конок келсе сүйүнө кабыл алган адамсыз. Келген конокту көрүп маанайыңыз дароо ачыла түшөт.

Экинчи белги - бала кезиңизден тартып эле бирөөлөргө белек бергенди жакшы көрөсүз. Башка бирөө кубанып жатканын көрүп кошо кубанасыз.

Үчүнчү белги - сиздин жаныңызда адамдар өзүн жакшы сезишет. Жакшы кеңеш бересиз, колдойсуз, мактайсыз, башкалардын маанайын ачып кое аласыз.

Төртүнчү белги - сиз өзүңүздү керектүү сезгиңиз келет. Кайрымдуулук иш-чараларына катышып, жакшылык жасап, бирөөгө камкор болууга умтулуп турасыз. Эгер бирөөгө камкор боло албасаңыз зеригип кетесиз.

Бешинчи белги - сиз психолог же дарыгер болбосоңуз деле башкалар сизге телефон чалып, көмөк сурап кайрылышат. Жашыруун сырларын сизге айтышат. Башкалар сиз менен сүйлөшкүлөрү келип турат.Тилекке каршы, ушундай жол менен өзүңүздүн айланаңызга “вампир” адамдары топтоп аласыз. Алар сиздин энергияңызды сезип сөзмө-сөз айтканда “жабышып” калышат. Же болбосо тескерисинче агрессиясын көрсөтүп, чатак чыгарып да болсо күч-кубатыңызды алат.

Жардам берер киши таппай калганда өзүңүздү абдан начар сезесиз. Сиз бирөөгө камкордук кылып же болбосо жоопкерчиликтүү ишти алганда анан калыбыңызга келесиз.

Ашыкча донор болгон кезде ооруп каласыз. Эгер сиз донор экениңизди байкасаңыз анда энергияны туура берүүнүн жолун үйрөнүңүз. Донорлор милдеттүү түрдө эле мээрман, сырткы келбети саан уйдай балпайган адамдар болушпайт, алардын арасынан  акылман жетекчилер, башкаруучулар, мыкты окумуштуулар, генералдар көп чыгат. Анткени алар бирөө үчүн жоопкерчилик алганды билишет. Бир донор адам бир нече адамды энергияга карк кылып коюшу мүмкүн.

Ошондуктан донор адам экениңизди билсеңиз аны туура колдонууну үйрөнүңүз!

Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-ooshot-yrys-zhugushat-energetikalyk-donor-ekeizdi-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий