Исмаилова: Колл-борборго кеңеш алуу максатында кайрылгандар көп
Июнь айында коронавирус маселелери боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Ага байланыштуу, 21-июнда Республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү.
"Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат”, - деп билдирди Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова.
Анын айтымында, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар.
Белгилей кетсек, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.
Ссылка: https://barometr.kg/baktygl-ismailova-j-bllk-medicina-borborlorunda-ishenim-telefondoru-ishtd
Добавить комментарий ×