"Байзакова турмушка чыкты, а сен жок..." Айжан турмушка чыкканы чынбы?

15 мая 2019 09:52 15527 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok




Интернет булактарына казакстандык таанымал блогер, актриса Айжан Байзакова турмушка чыгып жатат деген кептер тарады. Ал кептерди тиркелген видео тасма айгинелеп турат десек да болот.

Аталган видеодо Байзаковага окшош селкинин ак жоолук салынып турганын жана алдындагы аялдар салт боюнча сөйкө салып жатканын көрүүгө болот.

Көрүүчүлөрдүн айтымында бул Байзакова болушу да болбошу да мүмкүн. Алардын айтымында Айжан турмушка чыгаары тууралуу эч кандай комментарий берген эмес. Ал эми башкалар болсо бул кезектеги кино тасманы тартуу учуру деген да пикирлерин айтышууда.

Айрым инстаграм аккаунттарда “Байзакова турмушка чыкты, а сен жок...” деген тамашаларды да жазып чыга башташты.

Эске салсак, Айжан Байзакова өзүнүн ачык кийинип, кыздарга туура келбеген жүрүм-туруму менен таанылган. Бир канча казак кино тасмаларында роль жараткан. Ал өткөн жылдын 1-декабрында уул төрөп бирок баласынын атасы ким экенин айткан эмес. Ага карабай сүйүктүү адамы бар экенин да четке каккан эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/bajzakova-turmushka-chykty-sen-zhok-ajzhan-turmushka-chykkany-chynby



Добавить комментарий