Байыш Ашырбеков жол кырсыктары эмнеден улам келип чыгарын айтты

11 октября 2021 17:57 1164 Barometr
Поделиться в:
ok

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Байыш Ашырбеков жол кырсыктары эмнеден улам келип чыгып жатканын маалымдады. Бул тууралуу Байыш Ашырбеков эфир учурунда билдиргенин “Барометр” кабарлайт.

Жол кырсыктарынын келип чыгуусуна маневрды туура эмес ишке ашыруу, ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыга калуу, жол өтмөктөрүндө эрежени сактабоо себеп болот.

“Негизинен жол кырсыктары айдоочулар эрежени бузгандан улам келип чыгат. Эгерде айдоочулар эреже бузбаганда авариялар болмок эмес”,-деп айтты ал.

Ашырбеков жол кырсыктарын алдын алуу боюнча рейддер, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

“Биз автобекетке барып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Айрым айдоочулар ашуулардан өтүп жатса дагы дөңгөлөктөрүн алмаштырбаптыр”,-деп белгиледи ал.

Ссылка: https://barometr.kg/bajysh-ashyrbekov-zhol-kyrsyktary-emneden-ulam-kelip-chygaryn-ajtty



Добавить комментарий