


Байсалов Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын эл артисти Замирбек Сооронбаевдин ден-соолугун сурап, үйүнө барды.
Жолугушуу маалында Эдил Байсалов улуу муун өкүлдөрүнүн эмгегин урматтоо, алардын чыгармачылык мурасын кийинки муунга жеткирүү мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Байсалов Замирбек Сооронбаевге материалдык жардам тапшырып, анын кыргыз маданиятындагы ордун белгилеп, бекем ден-соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат каалады.
Өз кезегинде Замирбек Сооронбаев мамлекеттик деңгээлдеги колдоого ыраазычылыгын билдирип, төраганын орун басарына өз калемине таандык, басмаканада жаңы чыккан китебин кол жазма калтырып, белек кылды.
Эске салсак, Кыргыз Эл артисти, театр жана кино актёру Замир Сооронбаев 2015-жылы Караколдо болгон иш сапарында инсульт болуп, 10 жылдан бери ден-соолугун чыңдап үйүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/bajsalov-zamirbek-sooronbaevdin-jn-bardy
Добавить комментарий ×