Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматына атайын сервер, компьютерлер берилди

30 октября 2020 14:59 936 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 29-октябрда Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын жаңыланган аналитикалык борборунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма-сөз кызматына тянып "Барометр" билдирет.

АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан координацияланган 200 000 долларлык ири демилгенин алкагында, жаңылоо долбоору физикалык базаны заманбап стандарттарга ылайыкташтырып, атайын сервер, компьютерлер жана ички корголгон тармак менен камсыз кылды. АКШ Өкмөтү тарабынан каржыланган долбоордун алкагында аналитикалык кызматкерлерди окутуу жана жаңы ArcGIS картага түшүрүү жана i2 чалгындоо программалары менен камсыз кылуу каралган. Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын борборунун аналитикалык сереп иштери буга чейин Кыргызстан аркылуу Казакстан, Россия жана Европа Биримдигинин базарларына алып келинген опиаттардын жана психотроптук заттардын ири партияларын колго түшүрүүгө жардам берген.

 Вице-премьер-министр Максат Мамытканов жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков мырзалар жаңылануудан өткөн Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын аналитикалык борборунун ачылыш аземине башка жогорку даражалуу кызматкерлер менен бирге төрагалык кылышты. Иш-чарага катышкандар баңги заттарына каршы чалгындоонун жакшыртылган иликтөөсү баңги заттарды ташуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтордун жоюлушуна алып келет деген үмүтүн билдиришти.

 Америка Кошмо Штаттары Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын трансулуттук уюшкан кылмыш топторунун баңги заттарды ташуусун токтотуп алардын кирешелерин жок кылуу менен кыйратуудагы аракеттерин колдойт.

Ссылка: https://barometr.kg/bagizattarga-karshy-krsh-kyzmatyna-atajyn-server-kompyuterler-berildi



Добавить комментарий