Баңги затын жашыруун алып жүргөн деген шек менен Бишкектен жаш жубайлар кармалды

13 ноября 2018 09:23 1209 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Баңги затын жашыруун алып жүргөн деген шек менен Бишкектен жаш жубайлар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, Октябрь райондук ИИБине А. аттуу адам өзүнүн аялы менен биргеликте банги затын алып-сатып алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүндөгү ыкчам иликтөө тобу 22 жаштагы А.А аттуу аялды кармап, жанына 4 даана ширеңкенин кутусун табышкан. Анын күйөөсүнүн унаасынын ичинен целлофан баштык табылып, андан 12 даана кутуча чыккан. Кутучанын ичинде кара куурайга окшогон күңүрт-жашыл түстөгү зат табылган. 

Маалыматта айтылгандай, табылган зат экспертизага жиберилип, жыйынтыгында 194 грамм гашиш экендиги аныкталды. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/bagi-zatyn-zhashyruun-alyp-zhrgn-degen-shek-menen-bishkekten-zhash-zhubajlar-karmaldy



Добавить комментарий